Индиялык ишкер Ратан Тата каза болгондон кийин байлыгынын көп бөлүгүн кызматчысына жана итине калтырып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, миллионер Ратан Тата 10-октябрда 86 жашында каза болгон. Анын үй-бүлөсү жана балдары болгон эмес. Ишкер өз керээзинде эжесине жана агасына мурас калтыра турганын жазган. Бирок байлыгынын көп бөлүгүн, тактап айтканда, 91 миллион фунт стерлинг акчасын Тито аттуу койчусуна калтырган. Ошондой эле ал итине дагы мурас калтырып, аны өзгөчө камкордукка алууна тапшырган.
Ратан Татанын өлүмүнөн кийин көптөгөн дүйнө лидерлери жана ишкерлер көңүл айтышкан. Алардын катарында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичай дагы бар.
Индиялык ишкер Ратан Тата "TISCO" компаниясынын негиздөөчүсүнүн небереси. Аталган компаниянын кирешеси болжол менен 403 миллиард долларды түзөт. Анда жалпысынан 350 миңден ушуун кызматкер эмгектенет.