Бүгүн, 29-октябрда Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча мелдештер башталат.
Бүгүнкү мелдеште үч кыргыз балбаны килемге чыгат. Алар: 61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу. Ал алгачкы жүрүшүндө монголиялык же орусиялык балбандын жеңүүчүсү менен кез келет.
70 килограмм салмакта Алибек Осмонов дагы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүндө ирандык жана орусиялык балбандардын жеңүүчүсү менен кез келет.
79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов дагы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүндө америкалык балбан менен кез келет.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.