Бүгүн "Абдыш-Ата" Түркмөнстандын "Аркадаг" клубуна каршы ойнойт

Бүгүн, 29-октябрда АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычы алкагындагы ата-мекендик "Абдыш-Ата" футболдук клубу түркмөнстандык "Аркадаг" клубу менен кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, "Абдыш-Ата" - "Аль-Араби" (Кувейт), "Аркадаг" (Түркмөнстан), "Мазия" (Мальдивы) футбол клубдары менен бирге Батыш зонага тиешелүү "B" тайпасында жайгашкан. Аталган тайпанын беттештери борборлоштурулган форматта 26-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Кувейтте орун алууда.

Белгилей кетсек, аталган баскычта 18 клуб 5 тайпага бөлүндү. Батыш зона 3 тайпадан турса, Чыгыш зонанын клубдары 2 тайпага бөлүнүштү. Батыш зонасынын ар бир тайпасынан турнирдик жадыбалда биринчи эки орунду ээлеген клубдар плей-офф баскычына чыгат.

Тайпалык баскычтын алгачкы туру алкагында ата-мекендик клуб "Аль-Арабини" жеңип (1-0), үч упайга ээ болгон.

"Бүгүнкү оюн Кувейттин «Кувейт Спорт Клуб» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да орун алат. Беттештин түз алып берүүсү АФКнын YouTube баракчасында жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан