Эртең, 30-октябрда Бишкектин Ак-Босого конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган конуштарда таза суу саат 9:00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде токтотулат.
Өчүрүү району:
- Ак-Босого турак жай конушу;
- Ак-Босого-1 , Ак-Босого-2 суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат", - деп айтылат маалыматта.