Эртең, 30-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, ал эми айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.