Кытайда Бишкек жана Чанша шаарларынын кызматташуусу талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров шаарды башкаруу жана экологиялык технологиялар жаатында жумушчу жолугушууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында Кытайдын Чанша шаарында болду.

Мэрия билдиргендей, 25-27-октябрь күндөрү орун алган сапардын жүрүшүндө Кадыров Чанша шаарынын мэринин орун басары менен жолугушту. Анда Бишкек жана Чанша шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери талкууланды.

Мындан тышкары тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, таштандыларды туруктуу башкаруу жана шаардык экологиянын сапатын жакшыртуу үчүн акылдуу технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуунун келечегин талкуулашты.

"Бишкек шаарынан барган делегация учурда кытайлык инвесторлор тарабынан борбордо курулуп жаткан таштандыларды өрттөөчү заводдун курулушунун айрым маселелерин изилдөө үчүн заманбап таштандыларды өрттөп, электр энергиясын иштеп чыгуучу заводдун иши менен таанышты. Ишке киргизүү 2025-жылга пландалууда.

Жогорудагы завод Кытайдагы алдыңкы заводдордун бири болуп саналат жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасири менен таштандыларды башкаруунун алдыңкы технологияларынын үлгүсүн көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан