Элчи Атаханов Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, иш-чара кеээ, 28-октябрда Исламабад шаарында болду.

Анда элчи Атаханов президент Садыр Жапаровдун атынан Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге боордош саламын жолдоп, Пакистан Кыргызстан үчүн боордош жана көп кылымдык тарыхый жана маданий байланыштары түзүлгөн өлкө экенин белгиледи.

"Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт, ал ар тараптуу кызматташууга ачык жана Пакистан менен сапаттуу жаңы деңгээлде кызматташууга даяр. Жаңы элчи боордош эки өлкөнүн ортосундагы достукту мындан ары да бекемдөөгө, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын ишендирди" деп айтылат анда.

Өз кезегинде президент Асиф Али Зардари Пакистан менен Кыргызстан эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташуусу керектигин, анткени аларды жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан