Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн сындады.
Ал өлкө казынасынан саламаттыкты сактоо тармагына көп каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, бирок министрликтин ишмердүүлүгөн майнап чыкпай жатканын айтты.
"Министр болсо бизге "мен элдик дарыкана ачтым" деп мактанып жатат. Дарыны эмнеге ташыйт, биринчи кезекте ооруну алдын алуу менен күрөшүш керек да. Элди туура тамактанууга, ден соолугуна кам көрүүгө үгүттөгөн иштерди алып барыш керек болчу. Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн акча ушундай иштерге жумшалышы керек.
Ар ким билген намазын окуйт, билген тамагын жейт. Анан бизге дары алып келип сатканын мактанат. Алып-сатуу деген реформа эмес. "Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү" деп айтышты эле. Мына айыл жергесине барып сурасаң, 2-3 миң сомдон эле кошулуптур. Министр келсе сурайт элем, "ай, айлыкты кимге берип жатасың" деп. Саламаттыкты сактоо министри иштей албаса күн сайын алмаштырыш керек. Бул трагедия эмес, элдин өлүмү көп болуп жатканы трагедия. Азыр министрди сурасаң саякаттап жүрөт. "Саякатчы бака" болуп кетти", - деди эл өкүлү.
Эске салсак, Талиева 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында дагы Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүнө сын айткан болчу.