Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде мурдагы депутат Адахан Мадумаровдун гимн тууралуу айткан пикирине комментарий берди.
Анда президент Адахан Мадумаровду "өзүмчүл" деп атады.
"Адахан байкуш алжып калган. Ага көңүл бурбай эле койгула. Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес дешет.
Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен Комиссар болуп иштеп турганымда «Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин эрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. Өлкөнүн эң башкы идеологу эле да. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң. Балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек деген.
Мен "ии, ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз ушунун баарын байкаган" деп мактап коюп кете бергем. Анысын унутуп калса керек бечара.
Анысын коёлу, кечээ жакында эле «Курултайсыз өнүгө албайбыз, Курултай бизге аба менен суудай керек» деп сүйлөп жүргөн сөзүн бүгүн унутуп калып, Курултайга каршы чыгып жүрбөйбү», - деген Садыр Жапаров.