Карате сётокан боюнча кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугунан 6 медаль менен кайтып келди

Кыргызстандын карате сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн Улуттар аралык SKDUN 31 - Дүйнө чемпиондугунан кайтып келишти. Бул туурасында кечээ, 29-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактыяр Бокоев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Айта кетсек, карате сётокан боюнча Кыргызстандын курама командасы мелдештерден 6 медаль жеңип келген. Алар 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль алды.
Алтын медалдын ээси:
- Бакыт Жумалиев
Күмүш медалдын ээлери:
- Алибек Эсеналиев
- Самиул Койчубеков
Коло медалдын ээлери:
- Дильшат Мамбетов
- Батырхан Мукайбеков, Байыш Элмурзаев, Бакытбек Джумалиев (16-20 жаш командалык оюндар).
Белгилей кетсек, курма команда улук машыктыруучу Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында өлкө намысын коргоп келишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан