Пентагондун ырастоосунда, Курск аймагына Түндүк Кореянын эки миңдей аскери жайгаштырылды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Патрик Райдер брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Түндүк Корея өзүнүн жалпысынан 10 миңдей аскерин Орусияга жөнөтүү үчүн машыгуудан өкөрүүдө.
"Бул аскерлер Украинанын жанындагы орус күчтөрүн жакынкы бир нече жумада күчөтөт. Түндүк Кореянын учурда 2 миңдей аскери Украинага жакындап, Курск облусунда, Украина менен чек арага жакын жерде жүрүшөт", - деген Райдер.
Бирок ал айткандарына эч кандай далил келтирген жок.
18-октябрда Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньяндан Орусияга жалпы саны 12 миң аскери бар төрт бригада жөнөтүлүп жатканын жарыялаган. Бир нече күндөн кийин Зеленский Түндүк Корея согушка иш жүзүндө кошулганын билдирген.
23-октябрда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Пентагондо Түндүк Кореянын аскерлери Орусияда жүргөндүгү тууралуу далилдер бар экенин айткан. Ал Түндүк Кореянын аскерлери Орусиянын Приморск аймагына жана Курск облусуна жайгашканын билдирген.