Испаниянын түштүгүндө жана чыгышында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон суу ташкынынан жети киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Тез жардам кызматы дрондордун жардамы менен суу ташкынынан улам дайынсыз жоголгон алты адамды издеп жатат", - деп белгилеген басылмалардын бири.
Ошол эле учурда Валенсиянын чыгыш аймагындагы Алкудия шаарынын полициясы бир күн мурда жоголгон жүк ташуучу унаанын айдоочусун издеп жатканын билдирди.
Кошумчалангандай, кырсыктын кесепетинен Андалусияда 276 жүргүнчү менен жогорку ылдамдыкта бара жаткан поезд рельстен чыгып кеткен, жабыркагандар катталган эмес.
Ал эми Алорада ондогон адамдар тик учактар аркылуу куткарылган.
Белгилей кетсек, Испанияда Дана бороону жүрүп жатат. Мамлекеттик метеорологиялык агенттик Валенсия жана Андалусиянын бөлүктөрүндө кооптуу деңгээл сакталып тургандыгын жарыялаган.