"Өкүнүчтүү болду". Шара Буллет Мыктыбек Оролбай эмнеден ката кетиргенин айтып берди (видео)

Белгилүү UFC мушкери Шарабутдин Магомедов (Шара Буллет) кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбайдын акыркы беттеши тууралуу айтып берди.

Айтымында, ал кыргыз мушкеринин беттешин өзү беттешке чыгууга даярданып жатып көргөн.

"Мен беттеште кийим чечүүчү бөлмөдө көрдүм. Чынында мыкты болду. Ошол учурда колумду бинт менен байлап берип жатышкан, алар байлай албай коюшту. Себеби колумду улам өйдө көтөрүп ийип жаттым", - деди ал.

Ал ошондой эле Мыктыбек Оролбай беттеш учурунда кандай ката кетиргенин айтып берди.

"2, 3 жолу чыканак менен сокку урганда, беттештин нугу таптакыр өзгөрмөк. Керек болсо атаандашы нокаутка учурамак. Ал эми Оролбай муштуму менен гана сокку узатып жатты. Ал чыканак менен урушу керек болчу, ага ошол гана жетишпей калды. Эгер ал чыканак менен 3 жолу таамай урганда беттешти жеңмек", - деди Шара Буллет.

Шара Буллет дал ушул UFC 308 турниринде Армен Петросянды 2-раундда укмуштуудай нокаутка түшүргөн.

Шара Буллет Мыктыбек Ороалбайдын беттеши боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан