Чүйдө 22 жаштагы келин күйөөсү тарабынан сабалып ооруканага түштү. Шектүү кармалды

Сокулукта аялын ур-токмокко алган шектүү кармалды. Бул туурасында бүгүн, 30-октябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, 28-октябрда Сокулук райондук милициясына аймактык ооруканадан кабар келген. Анда 2002-жылы туулган келиндин сабалганы айтылган. Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 28-октябрда болжол менен саат 07:00-10:00 аралыгында Заречная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарандык никедеги жубайлар арасында чыр-чатак чыгып, жолдошу аялын сабап салгандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу тергөө жайына киргизилген.

Учурда кылмышкерге карата "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан