«Эмгек» партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоого амбициялуу жана тыкыр иштелип чыккан, борборду өнүктүрүүгө багытталган программасы менен катышууда. Партиянын төрагасы Токтосун Султанов маегинде команданын башкы артыкчылыктары – шаардын тышкы көрүнүшүн өзгөртүүнү, шаардыктардын жашоосун жакшыртууну жана инфраструктура жана транспорт көйгөйлөрүн чечүүнү убада кылган Чоң Чүй каналынын жээктерин масштабдуу трансформациялоо жана темир жолдун «экинчи кабатын» куруу тууралуу айтып берди.
— Токтосун Султанович, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанган сиздердин команда тууралуу айтып берсеңиз. «Эмгек» партиясынын талапкерлери кимдер?
— «Эмгек» — бул жаратмандардын партиясы, эмгек адамдарынын партиясы. Биздин команданын ар бир мүчөсү карапайым жумушчу же компания жетекчиси болсо да — алар эмгекчилер. «Эмгек» — өз эмгеги же жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүү аркылуу айланасындагы дүйнөнү өзгөрткөн адамдар. Биз ишкерликти гана өнүктүрбөстөн, көптөгөн социалдык долбоорлорду - социалдык инфраструктура, билим берүү долбоорлорун колдойбуз. Биздин команда көп улуттуу жана гендердик теңчилик сакталган. Жаш курагы боюнча «Эмгек» — жаштардын партиясы. 20дан 35 жашка чейинки адамдар 35,3%, бул активдүү, өзгөрүүлөргө жана жаңы чакырыктарга даяр бишкектиктер тартылганын күбөлөндүрөт. 36 жаштан 45 жашка чейинки талапкерлердин саны 39,2% түзөт. Ушул категориядагы адамдар иштин майын чыгарып турган кези, анткени алардын көпчүлүгүндө бай тажрыйба бар жана алар жоопкерчиликти өздөрүнө алууга даяр. Ошондой эле «Эмгекти» Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан эң «үй-бүлөлүү» партия деп атасак жарашат. Талапкерлердин баары биригип 51 баланы тарбиялашууда! Биз үй-бүлөлүк баалуулуктарга бекем ишенебиз жана аларды колдоо, сактоо зарыл деп эсептейбиз.
— 2021-жылы сиздер «Демилгелүү шаар» программасы менен шайлоодо жеңип чыккансыздар. Коюлган максаттардын кайсылары аткарылды жана дагы эмне пландарды ишке ашыруу керек?
— Узак мөөнөттүү, терең өзгөрүүлөр ырааттуу аракеттер аркылуу гана жетишилет. Биз муну анык түшүнөбүз жана программада «иштеп чыктык – аткардык – жыйынтыгын көрсөттүк» деген принципти карманабыз. Андан соң программа кайра каралат, толукталат жана жаңыланат. Дал ошондуктан биз шайлоого «Демилгелүү шаар 2.0» программасы менен бара жатабыз. Ал буга чейинки программанын логикалык уландысы, жаңы чакырыктарга, Президент Садыр Жапаров демилгелеген административдик-аймактык реформанын талаптарына ылайык модернизацияланган. Биз негизги багыттарды сактап, аларды максаттарга жетүүнүн жаңы чечимдери менен толуктадык.
— Чоң Чүй каналынын жана борбор калаадагы дарыялардын жээктерин реконструкциялоо долбоору сакталып калдыбы?
— Албетте, анткени бул биздин жаңыланган программабыздын негизги долбоорлорунун бири. Биз аны шаарды жакшыртуу гана эмес, борбордун түндүк райондорун өнүктүрүү үчүн тутумдуу чечим катары көрөбүз. Биздин максат – жээктерди экономикалык драйверлерге айландыруу, веложолдору, маданий борборлору, соода жана ишкердик объекттери бар рекреациялык зоналарды куруу.
Биз 2021-жылдан тартып ушул идеяны илгерилетип келебиз, алгачкы жыйынтыктары бар. Мен жана менин партиялаштарым жээк зоналары эс алуу жайлары гана болбостон, шаардын маанилүү экономикалык кыймылдаткычына айланып, инвестицияларды тартып, жаңы жумуш орундарын түзүп, шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртарына ишенебиз. Аталган долбоор шаарга жана анын келечегине комплекстүү таасирин тийгизерине көзүбүз жетет, анткени биз дүйнөнүн эң мыкты борборлорунан мындай үлгүлөрдү көрүп жүрөбүз.
— Көңүл чордонунда турган дагы бир долбоор бар, ал – темир жолдун экинчи кабатын куруу. Анын мааниси эмнеде?
— Бишкектеги транспорт көйгөйү баарыбызга маалым жана муниципалитет демилгелеген чечимдер жүктөмдү тийиштүү түрдө азайта албай жатканы да түшүнүктүү. Ошондуктан биз өтө радикалдуу десек боло турган, бирок ошол эле учурда натыйжалуу мамилени – чала-чарпыт иш-чаралардан баш тартып, учурдагы темир жолдун жүргүнчүлүк «экинчи кабатын» куруу сыяктуу прогрессивдүү чечимди колдонууну сунуштайбыз.
Бул долбоор шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тыгындарды кыйла жеңилдетип, чыгыш жана батыш райондордогу жашоочулар үчүн ыңгайлуу транспортко айланат. Жер үстүндөгү мындай транспорттук тутум адамдарга Бишкек ичинде тез жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзүп, борбордун эң башкы көйгөйлөрүнүн бири болгон – тынымсыз тыгындар маселесин чечет.
Мындан тышкары, бул шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө шайкеш келе турган экологиялык чечим. Мындай мамиле шаардын транспорттук тутумун таптакыр өзгөртүп, Бишкектин келечеги үчүн мобилдүүлүктүн жаңы үлгүсүн түзөт.
— Партиянын программасында Бишкектин жаңы аймактарын шаарга интеграциялоого арналган бөлүгү бар. Ушул тууралуу кеңири айтып берсеңиз.
— Бишкекке кошулган жаңы аймактар негизинен дагы деле айыл жергеси бойдон калууда. Бирок биздин милдет – кыска мөөнөттө аларды шаардын толук кандуу бөлүктөрүнө айландыруу. Биринчиден, мындагы жашоочуларды бардык шаардык инфраструктуралар менен камсыз кылсак дейбиз. Буга суу, газ, канализация жана жарыктандыруу кирет. Биз бул кызматтар ашкере байлык катары болбошу керек деп эсептейбиз, жашаган районуна карабастан, ар бир шаардыкка алар жеткиликтүү болуусу шарт. Мындан тышкары, социалдык объекттерди: мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди өнүктүрүү абдан маанилүү. Ар бир конушта билим алуу жана саламаттыкты сактоо үчүн зарыл шарттар болууга тийиш. Анан дагы, албетте, биз коомдук мейкиндиктер тууралуу унуткан жокпуз. Адамдар үчүн парктардын, спорттук объектилердин, эс алуу жана үй-бүлө менен убакыт өткөрүү үчүн жайлар болушу маанилүү. Жаңы аймактар шаардын картасында эле болбой, шаардык жашоонун бардык стандарттарына дал келүүсү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
— «Демилгелүү шаар 2.0» программасына ылайык, «Эмгек» партиясы шаардын маселелерин чечүүдө илимий мамилени колдонууну сунуштайт. Борборго бул эмнени берет?
— Бишкектин көйгөйлөрүн чечүүдө илимий мамиле башкы ролду ойношу мүмкүн. Биринчиден, университеттердеги илимий топторду тартуу заманбап изилдөөлөрдүн жана так эсептөөлөрдүн негизиндеги натыйжалуу жана негиздүү чечимдерди иштеп чыгууну шарттайт. Бул шаар үчүн ар кандай долбоор илимий негиздемени эске алуу менен ишенимдүү жана натыйжалуу ишке ашырыларына кепилдик берет. Мындай мамиле шаар башкарууга илимди интеграциялоого жана аны бардык жашоочуларга кыйла ыңгайлуу кылууга өбөлгө болот.
— Ушул долбоорлордун бардыгы сиздердин жалпы программа менен кантип айкалышат?
— Алардын баары – Бишкектин келечегине карата биздин көз карашыбыздын бөлүгү. Борборубузду өнүктүрүү бүтүндөй шаарга таасирин тийгизе алган, жаңы жумуш орундарын түзө турган жана жарандардын жашоосун жакшырта турган ири инфраструктуралык долбоорлорду камтышы керек деген ишенимдебиз. Бул биздин партия үчүн артыкчылыктуу болуп саналган шаардын экономикалык жана социалдык туруктуулугунун пайдубалын түзөт.
Төлөм «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж. тарабынан жүргүзүлдү.