Грузиянын президенти прокуратурага суракка чакырылгандыгы айтылды

Грузиянын Башкы прокуратурасы өлкө башчысы Саломе Зурабишвилини суракка чакырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ага 31-октябрда прокуратурага келүү боюнча чакыруу келген. Анда 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу иштер боюнча сурала тургандыгы айтылган.

Бул арада Грузиянын прокуратурасы шайлоодогу бурмалоолор боюнча иликтөөсүн баштады.

Айта кетсек, 27-октябрда Грузиянын президенти Зурабишвили оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ал бардык жарандарды көчөгө нааразычылык акциясына чыгууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан