Эртең, 31-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз күн ачык болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8
Бишкек шаарында түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.