Балдарда йод жетишсиздиги кандай ооруларга алып келет? Дарыгер жооп берет 

Организмде йод жетишсиз болсо адам бир катар оор илдеттерге кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар эндокринологу Альбина Кенжесариева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам күнүнө жаш курагына жараша йодду пайдаланышы керек. Ал эми жаш балада йод жетишсиз болсо, өзүнүн курагындагы балдарга салыштырмалуу өсүүсү артта калат.

"Эгер балада йод жетишсиз болсо, анда ал бат чарчап, эс-тутуму төмөндөп, уйкусу келип жана денесинде шишиктер пайда болот. Ошондой эле өзүнүн курагындагы балдардан физикалык же акыл-эс жагынан артта болушу мүмкүн. Анан дененин кургактыгы дагы организмге йод жетишпей жаткандыгынан кабар берет.

Кыргызстанда статистика боюнча, 1400 балада йод жетишсиздиги бар, анын ичинен 800 бала өспүрүм куракта. Йоддун жетишсиздиги өспүрүмдөрдө көп кездешет. Эгер балада йод жетишсиздиги байкалса, сөзсүз түрдө текшерүүдөн өткөрүү керек.

Айта кетчү нерсе биз ар дайым дүкөндөн туз сатып алганда йоддолгонбу, жокпу маани беришибиз керек", - деди дарыгер.

Ошондой эле дарыгер йоддун жетишсиздиги калкан без оорусуна алып келе турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан