Милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды

Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Жыйында долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков акыркы убактарда мамлекеттик кызматта, укук коргоо органдарында жана саламаттык сактоо тармагында эмгектенгендерге баш ийбей, алардын коопсуздугуна коркунуч келтирген учурлар көп болуп жатканын белгилеп, аталган мыйзамдын максаты укук коргоо жана мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик милдеттерин аткарып жаткандагы укуктарын, коопсуздугун камсыздоо экенин билдирди. Ошондой эле ал документте милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, аларды каралоо максатында видеого тартып алып, аны социалдык тармактарга тараткандардын жоопкерчилигин күчөтүү дагы каралганын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мыйзамдагы милиция кызматкерлерин сүрөткө, видеого тартуу боюнча норманы алып салуу керектигин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам бузуп жаткан тартип сакчыны видеого түшүрүп алгандары дагы жоопкерчиликке тартылып калышы толук мүмкүн. Өмүрзаков бул норма алардын мыйзам бузуусун тарткандар үчүн эместигин, болгону атайын каралоо максатында социалдык тармактарга монтаж жасап чыгаргандар үчүн гана иштээрин белгилеп, андай факты катталган учурда жаранды ИИМ жоопко тарта албастыгын, бардык жактан иликтөө жүрүп, соттун чечими менен жаза чегерилерин айтты.

Бекешев мыйзам бузууга барган ИИМдин кызматкерлеринин ишин аныктоочу жалгыз инструмент видео-тасма экенин баса белгиледи.

"Жазмага түшүп калса гана жарандар сотко далил катары алып бара алышат, "мына милиция мага мыйзамсыз аракет кылды же укугумду бузду" деп. Былтыр мага бир баланын апасы келип, "милиция кызматкерлери менин балама "кутум" кылышты. Курал берип, кайра алып кетип камашты" деп айткан. Мен ишенген жокмун. Бирок ал мага тартылган видеону көрсөттү, анда эч кандай монтаж жок болчу. Ал эми ИИМ бул монтаж деп чыккан. Бирок ал жаран ошол видеонун аркасында акталды. Болбосо ал азыр түрмөдө отурмак. Эгер бул мыйзам күчүнө кирсе, анда жарандар мыйзамдуу видео тарта албай калышат", - деди ал.

Депутат Айгүл Айдарова Конституциянын 33-беренесинде ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга укуктуу экендигин эске салып, сунушталган долбоор Баш мыйзамга каршы келип калаарына токтолуп, биринчи кезекте Конституцияны өзгөртүп туруп анан аталган мыйзамды киргизүүгө сунуш берди.

Эл өкүлү Жанар Акаев мыйзамга каршылыгын билдирип, жарандар өз укуктарын коргоого милдеттүү экенин, милиция кызматкерлерин себепсиз видеого эч ким тартпай турганын айтты. Ошондой эле Акаев азыркы мыйзам менен деле укук коргоочулар өз укуктарын коргоп алса болорун кошумчалады.

Талкууда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев мыйзамга көптөр каршы болуп жатканын айтып, жыйындын күн тартибинен алып салууну сунуштады. Жыйынтыгында Сыдыгалиевдин сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты.

Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандардын коопсуздугуна коркунуч жараткандар 50 миңден 200 миң сомго чейин айып пул төлөйт же 7 жылга чейин эркиндигинен айжыратылат жана интернетке мамлекеттик кызматкерлердин кадыр-баркына шек келтирген сүрөт, видеолорду жайгаштыргандар 5 миң сом айыпка жыгылат же 5 суткадан 7суткага чейин камалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан