Испанияда суу ташкынынан 50 адам каза болду (видео)

Испаниянын Валенсия аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болуп, 50 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта селдин кесепетинен жабыркагандарды куткаруу иштери уланууда жана каза болгондордун так санын аныктоо азырынча мүмкүн эмес.

Социалдык тармактар жарыяланган видеолордон суу ташкыны унааларды агызып бара жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле кээ бир видеолордо адамдар селден коргону үчүн дарактарга чыгууга аргасыз болушкан.

Испаниянын чыгышында жана түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көптөгөн жерлерди суу каптап, темир жол жана аба каттамдары үзгүлтүккө учураган.

Испанияда суу ташкынынан улам 50 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан