Журналисттер арасындагы "Мейкин" сый акысына талапкерлердин тизмеси аныкталды

Президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы талапкерлердин кыска тизмесин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, журналистика коомчулугунун өкүлдөрүнөн, коомдук ишмерлерден жана медиа эксперттерден турган комиссия сыйлыкка сунушталган 150дөн ашык талапкердин арасынан татыктуусун тандашты.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан 2 өкүл, калган 9 адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынын өкүлдөрү кирген. Комиссиянын мындай курамы талапкерлерди аныктоодо максималдуу объективдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, “Мейкин” сыйлыгы салттуу журналистиканын беделин бекемдөө жана анын өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.

Президент ЖМК өкүлдөрү үчүн сынак өткөрүү демилгесин колдоду. Анткени маалыматтуу коомду калыптандырууда көз карандысыз жана объективдүү журналистика маанилүү ролду ойнойт. Сынак биринчи жолу өтүп жатат. Номинанттарды тандоо оңой болгон жок, бирок комиссия мыкты иштерди тандап алууга жетишти. Бул сынакты өткөрүү жакшы салтка айланып, күчтүү жана таланттуу журналисттерди өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, – деп белгиледи Дайырбек Орунбеков.

“Мейкин” сыйлыгынын номинациялары:

1. "Бир эл – бир түндүк";

2. "Керемет Кыргызстан";

3. "Салык – өнүгүүгө салым";

4. "Таза Мекен";

5. "Билим – келечек";

6. "Куттуу элет";

7. "Мекен жана мен";

8. "Мекендештер";

9. "Кыргызстанда иштеп чыгарылган" (Made in KG);

10. "Сергек жашоо".

Сыйлыктын максаты – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү. Анын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан