Айыл чарба министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында айыл чарба жарманкелерин өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Азыр бардык райондордо жана шаарларда ар дем алыш күндөрү жарманке өткөрөсүңөр деп айтып жатабыз. Мына Бишкек шаарында жарманке стабилдүү өтүп атат. Ал жакка келип керектүү азык-түлүктөрдү сатып алса болот" деди Төрөбаев.
Министр учурда борбордогу базарларда этти арзан саткан социалдык аянтчалар уюштурулганан да кошумчалады.