Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш-чаралардын биринде сөз сүйлөп жатып мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча өз пикирин айткан. Ал коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган.
Ал арада мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов маалымат берип, "гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок" деп коомчулукту жоошуткан. Жана да Жогорку Кеңештин төрагасы айткан пикирди анын жеке көз карашы экендигин билдирген болчу.
Бүгүн, 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча пикирин "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.
Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирин сурап көрдүк. Репортажды толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.