Жумгалдын Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши бүгүн, 31-октябрда таң эрте саат 07:00 башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаевдин айтымында, ушул саатка ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлеринен турган топтор издөө иштерин баштоого киришти. Бүгүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте 106 киши издөөгө тартыларын, Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясынын жээктери 30 чакырым арылыкка чейин издөө иштери мерчемделгенин билдирди.
Ошондой эле бүгүн, Жалал-Абад облусунда "Камбар- Ата" ГЭСине жана Токтогул суу сактагычына чейин барган Нарын дарыясынын жээктери дагы Токтогул райондук ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлеринен турган эки топ издөө иштерин жүргүзөрү белгиленет.