Израил Баальбектин тургундарын эвакуациялоого буйрук берди

Израилдин армиясы Ливандын чыгышындагы Баальбектеги жайкын тургундардын абадан сокку уруу алдында дароо аймактарын таштап кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, скердик басма сөз катчысы Авихай Адраи Х социалдык баракчасы аркылуу шаардын жана ага жакын жайгашкан Айн-Бурдей жана Дурис шаарларынын тургундарынын Израил армиясы белгилеген маршруттар боюнча аймактан чыгып кетүүсү керектигин айткан.

Ал армия "Хезболланын" бутасына каршы "күч колдонорун" эскерткен.

Баальбек, Бекаа өрөөнүндөгү маанилүү шаар борбору, ал Рим урандылары менен белгилүү. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген шаарда 100 миңден ашык адам жашайт. Израилдин буга чейинки Дуриске жасаган аба соккулары аймактагы кээ бир байыркы эстеликтердин талкаланышына алып келген.

Өткөн айда Израил "Хезболлага" каршы чабуул жасап жатканын айтып, Ливанда ири аба өнөктүгүн баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан