Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта жайгашкан.
Ал эми калктуу конуштарда: Чарбак жана Көк-Алма айылдарында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген.