Бишкекте Махатма Ганди жана Кулиев (азыркы Максат) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 0,164 гектар муниципалдык жер тилкеси бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 капиталдык курулуш, 2 вагон, 1 контейнер, 1 сулуулук салону, 1 дарыкана, 1 чачтарач, 2 дүкөн, 1 тандыр, 1 ажаткана жана 2 мурда башка максатта колдонулуп келген объекттер демонтаждалды.
"Бул объекттердин баары мыйзамсыз тургузулган жана узундугу 16 метр (батыш тарабында) жана бийиктиги 2,5 метр болгон бир кабаттуу имараттар болгон. Түндүк тарабында имараттардын узундугу 115 метр болгон", - деп айтылат маалыматта.