УЕФА уюмунун президенти Александр Чеферин "Реал Мадрид" клубунун "Алтын топ" сыйлыгы боюнча уюмга койгон айыптоосуна жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эгер алар ушундай бир нерсе айтышса, бул алардын деңгээли", - деген Чеферин.
Ал ошондой эле бул кырдаал УЕФАнын кошумча комментарийине татыксыз экенин баса белгилеген.
Буга чейин "Реал Мадриддин" өкүлдөрү "Алтын топ" тапшыруу аземине бойкот жарыялаганы белгилүү болгон. Клуб эгер сыйлык "Реалдын" бразилиялык футболчусу Винисиус Жуниорго берилбесе, бул "Алтын топтун" уюштуруучулары мадриддик команданы сыйлабайт дегенди билдирерин айткан.
Жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгынын ээси "Манчестер Ситинин" жарым коргоочусу Родри болду. Сыйлыкты тапшыруу 28-октябрда Франциянын Париж шаарындагы Шателет театрында өттү.