Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Башкы прокуратурага суракка барбай турганын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Өлкө башчысы ар ким өз ишин кылуу керектигин белгилеген.
"Мен президент катары өз ишимди аткара берем жана прокурорго барайын деген оюм жок", - деген Зурабишвили брифингде.
Айта кетсек, Башкы прокуратура өлкө башчысын парламенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча суракка чакырып, тиешелүү далилдер болушу керек деген билдирүүсүн айткан.
Ошондой эле 29-октябрда Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратурага шайлоодогу бурмалоо фактысын иликтөөнү өтүнгөн. Бейөкмөт уюмдар 300 миңдей добуш бурмалоодон улам жокко чыгарылганын кабарлашкан.
Белгилей кетсек, 27-октябрда Грузиянын президенти Зурабишвили оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ал бардык жарандарды көчөгө нааразычылык акциясына чыгууга чакырган. Ал эми парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн.