Өзбекстанда 13 жаштагы бала тууганын анын суранычы боюнча өлтүрүп салды

Коңшу Өзбекстандын Сырдарыя облусунда 13 жаштагы бала психикалык жактан жабыркаган тууганына бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, маркум өзү 13 жаштагы тууганын коркутуп, ага бычак саюусун талап кылган. Жыйынтыгында андан корккон 13 жаштагы бала тууганына бычак саюуга аргасыз болгон.

Окуянын чоо-жайын Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тергөөнүн версиясы боюнча, 18-октябрда бала кароосуз калган жерден өтүп баратканда 23 жаштагы тууганы чакырган. Ал баладан өзүн бычак менен өлтүрүүнү суранган. Бирок өспүрүм баш тартканда аны коркута баштаган. Натыйжада бала аны бычак менен сайган", - деп айтылат маалыматта.

Маркум психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган.

Аталган факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн «в» пункту (Алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды атайылап өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан