Орусияда төрөгөн баласын таштап кеткен кыргыз кызына сот өкүмү чыкты 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 34 жаштагы кыргызстандык кыз төрөлгөн баласын төрөткананын жанына таштап кеткен, ага сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында 34 жаштагы Н.А. аттуу жаран уул төрөп, төрөт үйүнөн уруксатсыз чыгып, ымыркайды көчөгө калтырып кеткен.

Шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесине ылайык (Өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу абалда, өзүн-өзү сактай албаган адамды атайлап жардамсыз калтыруу) күнөөлүү деп таап, 300 саатка мажбурлап жумушка тартуу өкүмүн чыгарган.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, баланы таштагандан кийин наристенин абалын байкап, көзөмөлдөп турганын билдирген.

Ал эми баланын абалы канааттандырарлык деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан