"Хадисте да айтылган". Жанар Акаев байларды акчаларын жол курууга салууга үндөдү (видео)

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мамлекет менен биргелешип жол салуучу инвесторлорду табуу керектигин айтты.

Ал буга курулуп жаткан Өзгөн айланма жолун мисал кылып, өкмөттөн мындай демилгени улантууну суранды.

"Чоң шаарларда эле эмес, райондордо дагы унаа тыгындар пайда болду. Аткаруу бийлиги муну чечүүнү ойлонушу керек. Мен кечээ Алайдан келе жатып, атайын Өзгөндөгү айланма жолду көрө келдим. Бул Кыргызстан тарыхындагы мамлекет менен жеке өнөктөш куруп жаткан алгачкы жол. Абдан сапаттуу курулуп жатыптыр. Мына ушундай кылып жол салууну улантышыбыз керек. Ал жолду ким гана курбасын, кандай инвестор салбасын жолду эч жакка көтөрүп кетпейт да.

Кийинкисин ким улантат, кандай адамдарды издеп жатасыңар? Таасирдүү адам болобу, байлар болобу айткыла, "акчаңарды жол курганга салгыла" деп! Он, жыйырма жылдап актаса дагы жол курууга салышса жакшы болмок. Ушундай саясат жүргүзүш керек. Хадисте дагы жол, көпүрө салуунун сообу көп деп айтылган. Мына борбордо эски үйлөрдү сүйлөшүп, аларга компенсация төлөп берип чоң жолдорду ачышыбыз керек. Акчаларын тышка чыгарып жаткан адамдарга айтыш керек "койгула, жол дагы кургула" деп. Аларга акчасы актай турганын түшүндүрүш керек", - деди Акаев.

Эске салсак, Былтыркы жылдын аягында президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолун куруу жарлыгын чыгарган. Аталган жол быйыл январ айында башталган болчу.

Айрым ЖМКларда жолдун салынышына Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин катышы бар экени айтылган иликтөөлөр чыккан. Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде, жолдун курулушуна акча салган инвесторлорду Таймурас Ташиев тартып келгенин айткан.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан