Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок – унаа жолу" көзөмөл өткөрмө бекетинде жарандарды, унааларды өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бекет "Кыргызтелеком" компаниясы интернет линияларын оңдоп жатканына байланыштуу жабылган. Ага байланыштуу унаалар менен жарандар "Кең-Булуң" өткөрмө бекетине жөнөтүлүүдө.
Ошондой эле жарандар, унаалар Чүй облусунан Казакстанга "Ак-Жол", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" бекеттери аркылуу өтө алат.