Бишкек-Нарын-Торугарт жолу маал-маалы менен жабылып турат

Боом капчыгайынын айрым бөлүгү жабык. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан тартып, 130-чакырымына чейинки аралыгында таш түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ага ылайык, бүгүн саат 15:00гө чейин унаалар үчүн жол маал-маалы менен жабылып, ачылып турат.

"Айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, жолго чыгарда алдын ала мерчемдөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан