Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен баштады.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, ал 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди.
Конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев коштоп барды.