Адахан Мадумаров тилинен табат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат унаа жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылышында айтты.
Анда Ташиев Мадумаровдун президент Садыр Жапаровго жооп бергенин сынга алды.
"Биз оңолуу жолуна түштүк. Бирок муну көрө албагандар дагы бар. Мына кечээ эле бирөө, биз аны "сагызган деп коёбуз", президентке "сен кимсиң?" деп чыгыптыр. Өзүбүздүн мамлекетибиздин башчысын сыйлай албасак, кандай эл болдук? Мамлекетибиздин башчысы күнү-түнү элим-жерим деп иштеп жатса, анан биз аны "сен кимсиң?" деп тоготпостон бетине ушинтип сүйлөп жаткан болсок кандай болот?
Ошондой тартипсиздердин баарын жоопко тартышыбыз керек! Аларга президент ким экенин, эли үчүн кандай иштеп жатканын көрсөтүп коюшубуз керек. Ошол киши дагы тилинин азабын тартат. Мына тилинин азабын тартып жүрүп, депутаттыктан кетти, элден дагы чыгып калды. Эми дагы асылып жатат. Ар ким өзүнүн сөзүнө, айтканына жооп бергидей болушу керек. Ошондо биз өнүгөбүз", - деди Ташиев.
Белгилей кетсек, парламент төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттин гимнин өзгөртүү керектигин айтып чыккан. Анын демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бул боюнча Мадумаров өз пикирин билдирип, "сунуш жогорку бийликтики" деген.
Өз кезегинде Садыр Жарапов Мадумаровдун гимн тууралуу айтканына комментарий берип, аны "айтканынан кайткан адам" деп сынга алган. Өлкө башчы 2009-жылы комиссар болуп иштеп турган кезинде мамлекеттик катчы кызматын аркалап турган Мадумаров менен жолукканын, анда анын тууну, гербди, гимнди өзгөртүү идеясы болгонун айткан болчу. Мадумаров Жапаровдун айткандарын төгүндөп, "мен ага бир нерсе айта тургандай ал ким?" деген эле.