Казакстандагы 16 жаштагы баланын өлүмү: Атасына кылмыш иши козголдубу? 

Казакстандын Талгар шаарындагы 16 жаштагы Шерзат Полаттын өлүмү боюнча тергөө иштери тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Галымжан Койгелдиев билдирди.

Аткаминердин айтымында, кылмышка тиешеси барлар кармалып, айып тагылган.

"Атасына карата кылмыш иши жок. Өрт коюу фактысы боюнча да (Шерзат Полаттын ата-энесинин үйү) иликтөө иштери жүрүп, экспертизалар дайындалды", - деди башкы прокурордун орун басары.

Буга чейие Шерзаттын өлүмү боюнча Казакстандын Ички иштер министрлиги тарабынан беш берене (Адам өлтүрүү, Бейбаштык, Коркутуу, Кылмышты жашыруу, Кылмыш тууралуу билдирбөө) боюнча тергөө жүрүп жатканы маалым болгон.

Эске салсак, 4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.

Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.

12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан