Бишкек мэриясы жаңы автобекеттердин жагдайы кандай экенин айтты 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобекеттерди кыдырып, ал жердеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алмаата көчөсү, 1/1 дарегиндеги Бишкек автобекетинин жаңы автобекетинен чыгат.

Аталган жайда күтүү залы жана коомдук даараткана бар экени айтылды.

Свердлов районунун акимине аталган автобекеттин ишин өзгөчө жана күнүмдүк көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Айта кетчү нерсе, №13 жана №34 автобустар, ошондой эле №123 жана №128 кичи автобустар Бишкек автобекети муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин каттайт.

Мындан тышкары Ош–Баткен–Жалал-Абад–Талас багыттарына келечектеги "Ак-Кула" ипподромунун жанында жайгашкан убактылуу иштеп жаткан батыш автобекети аркылуу кетишет.

Жаңы "Ак-Кула" ипподромуна №13 жана №40 автобус каттамдары, ошондой эле №258 кичиавтобус каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан