Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпобай Түлөбердиев жөнүндө кино тарттуу боюнча сунуш түшүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, депутатка орусиялыктар көркөм тасма тартуу боюнча кат жолдошкон.
"Алар демилге көтөрүп жатат, "тарыхты ордуна койбойлубу?" деп. Тарыхта дзотту көкүрөгү менен тоскон эрдикти Чолпонбай Александр Матросовдон биринчи жасаган да. "Ошол тарыхты кино менен ордуна коюп кетели" деп жатышат. Мен кийинки жыйынга бардыгын даярдап келейин, анан Маданият министрлигине тапшырма берсек", - деди Мураталиев.