Вице-спикер депутат Мамашованын микрофонун өчүрүп салып, экөө чырдаша кетти (видео)

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова төраганын орун басары Жамиля Исаева менен кайым айтышты.

Анда “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

Суроо берүү үчүн Мамашовага сөз берилгенде, ал мыйзам долбоору тууралуу суроосу жок экенин айтып, өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө Ысык-Көлдөгү Корумду айылында 18-августта жүргөн селден жабыркагандар дагы деле өкмөт бөлүп берчү компенсацияны ала албай жатканын айтты.

"1 жана 2-даражада жабыркаган үйлөргө компенсациялар берилбептир. 3-категориядагылар, жеңил жабыркаган үйлөргө берилиптир да, көп зыян тарткан үйлөргө бериле элек экен. Бул туура эмес. Кыш келатат, көлдө суук эрте түшөт", - деди эл өкүлү.

Исаева Мамашованын сөзүн бөлүп, кыскача айтууга чакырды. Мамашова, "өз көйгөйүмдү айтып жаткан жерим жок, элдин көйгөйүн көтөрүп жатам" деди.

Вице-спикер "ар кандай маселелер айтылып жатканда келип айтышыңыз керек болчу" деп, депутаттын микрофонун өчүрүп салды.

Мамашова: Биринчиден, мага комментарий бербеңиз! Мен сизге башында эле мыйзам долбоорунан сырткары маселе деп эскерткем. Ошону угуп, билип туруп микрофонумду өчүрүп салдыңыз. Сиздин андай кылууңузга регламент жол бербейт.

Исаева: Регламентке ылайык, сиз каралып жаткан мыйзам боюнча гана суроо узатышыңыз керек.

Мамашова: "Субординацияны" сактасаңыз! Депутат процедуралык микрофонго чыкканда сөз бериңиз, а качан сиз каалаганда эмес! Мен бул жерде өзүмдүн көйгөйүмдү көтөрүп жаткан жерим жок, элдин көйгөйүн айтып жатам. Кеп селден катуу жабыркаган, колунда оорукчан балдары бар тургундар тууралуу болуп жатат. А сиз менин сөзүмдү бөлүп жатасыз. Мындай болбойт! Кимге кааласам сөз берем, каалабасам бербейм дегенден алыс болуңуз! Сизге регламент андай укук бербейт.

Андан соң депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жогорку Кеңеш 31.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан