Тажикстанда GTA жана Counter Strike оюндарына тыюу салынды

Тажикстандын укук коргоо органдары адеп-ахлаксыз жана зордук-зомбулукту камтыган оюндарды, видеолорду жайылтууга тыюу салды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышууда.

Ага ылайык, белгилүү Grand Theft Auto (GTA) жана Counter Strike оюндарына тыюу салынган.

Тажик бийлиги мындай оюндарга берилип кеткен жаштар алардын терс таасирине кирип, ар кандай кылмыштарга барышат деп эсептейт.

"Бул тыюунун сакталышы үчүн укук коргоо органдары тарабынан интернет-кафелерде үзгүлтүксүз рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан