Израил Батыш жээктеги лагерге чабуул жасады

Израил армиясы оккупацияланган Батыш Иордандын Тулькарм шаарындагы Нур-Шамс качкындар лагерине учкучсуз учак менен сокку урду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кол салууда эки адам каза болуп, анын бири жаш бала болгон.

Израилдин аскерлери брондолгон техникалар жана үч бульдозерди колдонуу менен Тулкармга рейд жүргүзүштү. Анда алар курчоодо турган Нур-Шамс лагеринин инфраструктурасына зыян келтирген. Лагерде жарылуунун үнү угулуп, чалгындоочу учактар ​​байкалып, айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлгөн.

Мындан тышкары Израил аскерлери Батыш жээгине жүргүзүлгөн рейдде түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө 16 палестиналыкты кармады. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер тинтүү шылтоосу менен Эль-Халилге жакын Дура айылына чабуул жасап, бир нече үйдү тинтишкен. Анда имараттар талкаланып, мүлккө зыян келтирилген. Ал эми палестиналык туткундардын колу-көздөрү байланган абалда суракка алынган.

WAFA агенттигинин айтымында, Сальфит шаарына жакын Завие кыштагында жана Наблус аймагындагы бир катар айылдарда рейддер болгонун билдирди. Израил аскерлери үч палестиналыкты кармап, бир нече үйдү тинтишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан