Пакистандын президенти учактан түшүп жатып бутун сындырып алды

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари шаршемби күнү кечинде Дубайдагы аэропортто учактан түшүп жатып бутун сындырып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул окуядан кийин саясатчы дароо ооруканага жеткирилип, ага гипс салынган. Ал гипсти төрт жума тагынышы күтүлүүдө. Дарылангандан кийин 69 жаштагы Зардари кайра үйүнө кеткен.

Саясатчы 2008-жылдын 9-сентябрынан 2013-жылдын 8-сентябрына чейин президент болуп иштеп, кайра бул кызматка 2024-жылдын 10-мартында шайланган. 2012-жылы ал Пакистандагы эң бай адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан