Испанияда суу ташкынында каза болгондордун саны 200гө чамалады

Испанияда суу ташкынынан улам каза болгондордун саны өсүүдө. Бул акыркы 50 жылдагы эң чоң кырсык. Мындай маалыматтар менен чет элдик басылмалар бөлүшүүдө.

Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес жабыркаган аймактарды кыдырып жүрүп, учурда эң негизгиси көбүрөөк жарандарды куткарып калуу экендигин айткан.

"Валенсияда 155, Кастилья-Ла-Манчада 2, Андалусияда 1 адам каза болгон. Пайпорта муниципалитетинде кеминде 40 адам каза болгон. Көпчүлүк жарандары суу ташкынынан улам жабыркашкан. Дарыялардын суулары нөшөрлүү жаандан улам ташып, шаарларды каптаган.

Коопсуз жайлардагы куткарылган жарандар акырындан үйлөрүнө кайтышууда. Валенсияны Испаниянын башка шаарлары менен байланыштырган көптөгөн жолдору жана темир жол тармагы азырынча жараксыз абалда", - деп айтылат маалыматта.

Бийлик өкүлдөрү учурда канча жаран дайынсыз экендигин тактай электиги маалыматта белгиленген.

Ошондой эле Испаниянын падышасы Филипп VI өзгөчө кырдаал азырынча бүтө электигин эскертти жана премьер-министр жарандарды мүмкүн болсо үйдө калууга жана тийиштүү кызматтардын кеңештерин аткарууга үндөгөндүгү маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан