Башкортостандагы күйүүчү май заводдорун дрондор талкалады (видео)

Орусияда отун-энергетикалык инфраструктурасы менен байланышкан ишканаларга дрондор чабуул жасашкан. Бул тууралуу Орусиянын Башкортостан аймагынын башчысы билдирди.

"Биринчи дрон ишканалардын биринин аймагына кулап, диспетчердик бөлмөнүн айнегин сындырган. Калган экөө өнөр жай аймагына түшкөн", — деп жазган Радий Хабиров өзүнүн Telegram каналында.

Ошондой эле ал ишканалар штаттык режимде иштеп жатканын, аба чабуулунан жабыркагандар жана каза болгондор жок экенин кошумчалады.

Хабиров кайсы ишканалар жабыркаганын так айткан эмес.

Кечээ, 31-октябрда эртең менен региондун башкы аэропорту мүмкүн болгон аба чабуулу тууралуу эскертүүлөрдөн улам ишин токтоткон.

1.11.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан