Бишкектин борбордук аянтында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

Эртең, 2-ноябрда Бишкекте маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленет. Бул туурасында Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, саат 18:00дө "Ала-Тоо" аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган чоң концерт өтөт.

"Бул майрам – өлкөбүздүн маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган инсандарга болгон терең урмат. Кеченин программасында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт. Алар жагымдуу ырларды аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан