Гүлжигит Алыкулов беларусиялык "Неман" клубунан качан кете тургандыгын айтты

Кыргызстандын футбол курамасында ойногон Гүлжигит Алыкулов Беларустун “Неман” футболдук клубунан кетет. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, футболчу сезон жыйынтыкталганга чейин ушул клубда ойной тургандыгын айткан.

"Азыр менин бардык ойлорум “Неманда”. Биз чемпиондукту бүтүрүшүбүз керек. Ошондон кийин мен башка клубга өтөм. Мен азырынча ток этер жерин айта албайм. Убакыт көрсөтөт”, - деп билдирген ал.

Белгиленгендей, учурда "Неман" командасы жогорку лиганын таблицасында экинчи орунда турат. Анын 26 оюндан кийин топтогон 57 упайы бар.

Ал эми 2024-жылкы футболдук сезондо Алыкулов Беларусия чемпиондугунда 24 оюн өткөрүп, 7 гол киргизип, 3 чыгарып берүүнү аткарган. Ошондой эле чемпиондор лигасынын тандоо турунда эки беттеш өткөргөн.

Айрым басылмалар футболчунун баасы 700 миң еврого бааланып жаткандыгын да жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан