1994-жылы “Дүйнө сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү, модель, Болливуд жана Голливуд жылдызы Айшвария Рай бүгүн өзүнүн мааракесин белгилейт. Анда алдыда эң белгилүү индиялык сулуунун чыгармачылыктагы өйдө-ылдый мезгилдери жана жеке жашоосу туурасында сөз кылабыз.
Айшвария Рай 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Атасы Кришная Рай – деңиз флотунун офицери, апасы – Вринды Рай жазуучу. Айшвариянын ата-энеси өздөрү турган шаарда абройлуу, интеллигент адамдардын катарына кирет. Актриса бала кезинен бери классикалык музыка жана бий сабактарын алып, бирок жашоосун шоу-бизнес менен байланыштырууну ойлогон эмес. Айшвария архитектор багытындагы дипломдун ээси жана беш тилде эркин сүйлөйт.
1994-жылы актриса "Мисс Индия" сынагында экинчи орунду алган. Андан кийин ал «Дүйнө сулуусу» сынагына катышып, эңсеген таажысын Түштүк Африканын Сан-Сити шаарынан алып кеткен.
Эл аралык сулуулук сынагындагы жеңиш Pepsi, L'Oreal, Dior, Chanel, Philips сыяктуу ири компаниялар менен жарнамалык келишимдерди түзүүгө жол ачкан.
1997-жылы алгачкы жолу “Дуэт” деген киного тартылган, бирок ал ийгилик алып келген эмес. Тескерисинче, терс сын-пикирди, талаш-тартышты жараткан. Кийин “Түбөлүк сендикмин” деген тасмада кыздын ролун жогорку деңгээлде аткарып, Filmfare Award киносыйлыгында “Мыкты аялзатынын образы” деген наамга татыктуу болот.
Ал эми 2002-жылы тартылган “Девдас” аттуу тасма эң ийгиликтүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Ошондой эле Шахрух Хан, Салман Хан өңдүү Индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылган.
Анын Батыштагы алгачкы дебюту 2004-жылы Жейн Остиндин "Текебердик жана бейкалыс" романындагы ролдон башталган. Кийнин “Кошулмалардын ханбийкеси” (2005), «Акыркы легион» (2006, сүрөттө тасмадан тартылган кадр) жана «Кызыл пантера 2» тасмаларына тартылган. Натыйжада Айшвария "Мадам Тюссо" музейине эстелин коюуга көрсөтүлгөн биринчи индиялык аял болуп калды.
Ал эми актриса 2007-жылы Индиядагы белгилүү актёр жана продюсер Абхишек Баччанга турмушка чыккан. Учурда экөө 1 кызды тарбиялап келишет.
1-ноябрдын жылнаамасы.