Израил армиясы БУУнун палестиналык качкындар борборун талкалады

Израилдик бульдозерлер БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү жана иш боюнча агенттигинин Жакынкы Чыгыштагы Иордан дарыясынын жанындагы кеңсесин талкалады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, лагерде жолдор, суу, электр тармактары да талкаланган.

"Тилекке каршы, бул кеңсени мындан ары колдонууга болбойт, бул гуманитардык жардамды кабыл алууну кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал жерде 15 миңге жакын палестиналык качкындар кеңсенин кызматтарынан, анын ичинде саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, билим берүү жана санитария кызматтарынан пайдаланышчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан