Бишкекте жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кырсык кечээ, 1-ноябрда Профсоюз менен Месорош көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Ниссан-Марч үлгүсүндөгү унаа менен БМВ-525 кагылышкан. Эки унааны тең 22 жаштагы жигиттер башкарып бара жатканы айтылат кабарда.
Жол кырсыгынан беш адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып короого токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.
Кайгуул кызматы ага чейин кырсыкка кабылган (видеодо көрүнгөндөй) унаанын айдоочулары милицияга кайрылбаганын кошумчалашты.